CS-FOR долбоорун ишке ашыруунун алкагында жыл сайын мониторинг жүргүзүү жана ишмердүүлүктү карап чыгуу миссиясы болуп өттү
CS-FOR долбоорун ишке ашыруунун алкагында жыл сайын мониторинг жүргүзүү жана ишмердүүлүктү карап чыгуу миссиясы болуп өттү
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” долбоорунун алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрүнүн жылдык мониторинг визити жана ишмердүүлүктү карап чыгуу миссиясы болуп өттү. Миссия ФАОнун жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Иш сапардын максаты долбоордун аралык жыйынтыктарына баа берүү, негизги көйгөйлөрдү талкуулоо жана иш-чараларды ийгиликтүү улантуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болгон. АРИС тарабынан иш-планына ылайык аткарылган иштер жана аткарылган иш-чаралар боюнча отчет берилди.
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.