ПРСВСНО долбоорун ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин отуруму болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба кызматынын алдындагы «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү» мамлекеттик мекемесинде «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын» (ПРСВСНО) ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин отуруму болуп өттү. Жыйынды “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин директору, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы Шадманов Азамат Жанышбекович алып барды.
Кеңеште 2024-жылга карата Программанын аткарылышы жөнүндө отчет угулду, атап айтканда, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча, ошондой эле мектептерде, бала бакчаларда жана медициналык мекемелерде санитардык түйүндөрдү куруу жана реабилитациялоо боюнча иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.
Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле институционалдык өнүктүрүү, санитария жана гигиена боюнча иш-чаралар каралды. Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү отчеттук мезгилде Программанын алкагында арыздарды кароо механизминин ишинин жыйынтыктары менен таанышты.
Отурумдун жыйынтыгында Ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү 2024-жылга Программанын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчетту бекитти.
Маалымат үчүн: Ведомстволор аралык координациялык кеңештин максаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иштерди жалпы координациялоо болуп саналат. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба кызматынын алдындагы «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Программанын координатору кирет.