Мамлекет башчынын катышуусунда 100 социалдык-экономикалык объектилердин ачылышы болду
2024-жылдын 30-августунда Чүй облусунун Кемин районундагы Терек-Таш клинкер заводунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объектинин курулушунун алкагында бир катар жаңы өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы биз үчүн тарыхый маанилүү окуя”, - деп белгиледи.
Бүгүн Кыргызстанда ачылган 100 өндүрүштүк жана социалдык объектилердин тогузу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ДФ ПСИ-3, ППМС CASA-1000, ПРЭР; Дүйнөлүк банк жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы тарабынан каржыланган ПУТС жана Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн Эл аралык фонду тарабынан каржыланган ПОДР долбоорлорунун алкагында ишке ашырылган.
• Нарын облусунда:
- “Өндүрүштүк жайларды куруу жана кол өнөрчүлүк үчүн жабдууларды алуу” чакан долбоору, ДФ ПСИ-3\Миң-Булак АА;
-– “Ат-Башы районунда, мал союучу цехти ишке киргизүү”, Жанар и Бек ЖЧКсы, ПОДР
• Чүй облусунда:
- “Виноградное айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу”, ДФ ПСИ-3\ А.Сыдыков АА;
- “Панфилов айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу”, ДФ ПСИ-3\Курама АА;
- “Орто-Суу айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу”, ДФ ПСИ-3\Ынтымак АА;
- “Жалпы дарыгерлик практика борборунун имаратынын энергиялык эффективдүүлүгүн жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу” ПУТС.
• Ош облусунда:
- “Өрүктү сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбору”, ППМС/Ош, МТУ ТУРАН;
- “Тигүү өндүрүшүн уюштуруу”, ППМС/Исанов АА.
Ош шаарында:
- “Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо” ПРЖР\Ош шаарынын мэриясы.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө: “Учурда Кемин районундагы Терек-Таш цемент заводунун ачылышына катышып жатабыз. Бул ГЭСтин ачылышы менен катар Кадамжайдагы «Исфайрам-1» кичи ГЭСи, Ноокаттагы «Курак-Тектир», «Кара-Булак» соода-логистикалык зонасы сыяктуу башка объектилердин да ачылышына күбө болобуз. ”Ат-Башыдагы эт комбинаты, Нарындагы “Миң-Булак” курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, Жайыл районундагы “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтадагы алтын куйма заводу, Сузактагы нефтини кайра иштетүүчү завод, Чаткалдагы алтын чыгаруучу завод жана республиканын ар кайсы аймактарындагы башка ишканалар. Жаңы мектептер, кошумча мектеп имараттары, бала бакчалар, спорт залдар да расмий түрдө ачылып, биздин балдарды жана келечек муундарды кубандырат”.
Дагы бир жолу белгилей кетели, 100 социалдык-экономикалык объектилердин ачылыш аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган.