Бүгүн ДФ ПСИ-3 долбоорун ишке ашырууну колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын Миссиясы ишин баштады
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) долбоорун” ишке ашыруунун алкагында 17-сентябрда АРИСтин Аткаруучу директору М.Д.Наспековдун катышуусу менен Социалдык өнүктүрүү боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Кристофер Финч жетектеген Дүйнөлүк банктынмиссиясы башталды.
Эки жуманын ичинде ДФ ПСИ-3 командасы долбоордун координатору М.Досуевдин жетекчилиги астында долбоордун акыркы иш-чараларынын жүрүшү, анын ичинде: финансылык менеджмент маселелери, сатып алуулар, социалдык жана экологиялык коопсуздук чаралары, социалдык инфраструктуранын кичи долбоорлорун ишке ашыруу, кирешелерди колдоо программасы, гендердик жана климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чаралардын жүрүшү боюнча маалымат беришет. Ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларынын объектилери жана максаттуу аймактарда долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан жамааттар (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) үчүн киреше алып келүүчү иш-чаралардын чакан долбоорлору менен таанышуу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү жеринде чакан долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышуу жана коомчулуктун мүчөлөрү менен жолугушуу үчүн жер-жерлерге сапарларды өткөрүүнү пландаштырууда.