Дүйнөлүк банктын НПИСти ишке ашырууну колдоо боюнча миссиясы башталды
Бүгүн, 9-ноябрда Бишкекте Дүйнөлүк банктын Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун ишке ашырууну колдоо миссиясы башталды. Тараптар долбоордун жалпы өнүгүүсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Агартуу министрлиги, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.
9-ноябрдан 20-ноябрга чейин финансылык башкаруу, сатып алуулар, айылдардын инфраструктурасына инвестициялоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык потенциалын чыңдоо, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, климаттык иш-чараларды өткөрүү, социалдык жана экологиялык коопсуздуктун ар кандай аспектилерине көңүл бурулат.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өнүктүрүү боюнча улук адиси Луиза Нора айым, социалдык өнүктүрүү боюнча адис Дамира Темирбаева айым, Дүйнөлүк банктын консультанты Эрдал Кочоглу мырза жана АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, аткаруучу директордун орун басары Асел Мамбеткулова жана НПИСтин командасы катышты.


