31 Декабрь 2024

Келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен!

Урматтуу кыргызстандыктар!

2024-жыл АРИС үчүн маанилүү жетишкендиктердин, жаңы чакырыктардын жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруудагы олуттуу кадамдардын мезгили болуп калды. 

Бул ийгиликтер биздин ишенимдүү өнөктөштөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донордук уюмдар, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун лидерлери жана активисттери менен бекем жана жемиштүү кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун сыймыктануу менен белгилейбиз.  Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында биз жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга багытталган олуттуу натыйжаларга жетиштик. 

Бул натыйжалар — жөн гана тапшырмаларды орундатуу гана эмес, алар биздин Ата Мекенибиздин туруктуу өсүшү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн  бекем пайдубалды түзүүгө  жасалган кадам болуп саналат.

Сиздерди АРИСтин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!  Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана ынтымак каалайм!  Сиздин бардык кыялдарыңар орундалып, биздин биргелешкен аракеттерибиз мындан ары да миңдеген адамдарга жаркын натыйжаларды жана кубанычтарды алып келсин. Дайым жаныбызда  колдоосу жана сүйүүсү жаңы жеңиштерге күч-кубат берген, ар бир кадамы Мекенибиздин гүлдөп-өсүшүнө алып бара турган жакындарыбыз бар болсун.

Келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен!

Урматтоо менен, 
Аткаруучу директор 
М.Д. Наспеков