Региондук экономикалык өнүктүрүү боюнча семинар: Ош облусунда кластерлерди колдоо жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү
Бүгүн, 28-сентябрда, Ош облусунун "Ноокат Алмасы" соода логистикалык борборунда "Региондук экономикалык өнуктүрүү" долбоорунун алкагында семинар өткөрүлдү. Семинарда кошумча нарк чынжырчасынын региондук кластердик маселелери, аймактык соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүү маселелери каралды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Торобаевдин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин министринин орун басары М.И. Дуйшеевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Н. Жантаевдин, ПРЭР долбоорунун координатору А. А. Кадыровдун жана ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан райондук администрация башчылары, "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы," "Айыл банк", "Элдик банк" ачык акционердик коомдорунун өкүлдөрү, райондук агрардык башкармалыктардын башчылары жана фермер дыйкандардын катышуусунда өттү.
Семинарда ПРЭР долбоорунун координатору А.А. Кадыров ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорунун кошумча нарк чынжырчасы бөлүгүндө ишке ашырылышына арналган презентация менен чыгып сүйлөдү. Ошондой эле ПРЭР долбоорунун айыл чарба жана КНЧ боюнча адиси А.Ф. Мукашев “Кластердик укуктук уюштуруу схемасы” темасында баяндама жасады.
Семинардын максаты - алдынкы технологияларды өндүрүшкө киргизүү, азыктарды даярдоо, сорттоо, таңгактоо, маркировкалоо, сертификаттоо, сактоо, транспортировкалоо процесстерин жакшыртуу, азыктарды бирдей форма менен көлөмдө даярдоо боюнча окутуу жана таанып-билүү иштерин жүргүзүү.
Мындан тышкары, семинардын иши жер-жерлерде аймактык соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндү соода-логистикалык борборлор кайра иштетүү өнөр жай ишканалары сыяктуу эле кластердик бирикменин агрегатору катары иш алып барышы керек экендиги белгиленди. Ага катар жер-жерлерде адистештирүү иштерин күчөтүү зарылдыгы айтылды.