15 Сентябрь 2025

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Наджи Бенхасин Сокулук айылындагы бала бакчага барды

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылындагы бала бакча «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 чара көрүү  боюнча)» долбоорунун  коомчулуктардын демилгеси боюнча өнүктүрүү долбоорлорунун биринин алкагында оңдолгон.

Таанышуу сапарынын алкагында объектиге Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Наджи Бенхасин, Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Эмиль Орозбаков, АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков, НПИС долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев, Дүйнөлүк банктын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, АРИСтин командасы, ошондой эле тарбиялануучулардын ата-энелери жана башкалар барышты.

Жолугушуунун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып Наджи Бенхасин Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен жемиштүү кызматташтыкты жогору баалаарын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди мындан ары да колдоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.

"Сары-Өзөн" айыл аймагы (мурда – Н.К. Крупская атындагы АА) 9 айылды бириктирип, жалпы калкынын саны 25 373 адамды түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун аркасында бул жерде энергонатыйжалуу технологияларды колдонуу жана сейсмологиялык стандарттарды сактоо менен балдардын мектепке чейинки өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн.

Бул чакан долбоордун жалпы бюджети 18 301 000 сомду түздү, анын ичинен ЭӨА салымы – 7 395 000 сом, ал эми айылдык аймактын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салымы – 10 906 000 сом.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ПСИ-3 КК долбоору ийгиликтүү аяктаган. Ал Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын камтыган. Жергиликтүү коомчулуктардын потенциалын өнүктүрүү, жарандардын чечимдерди кабыл алууга катышуусун чыңдоо жана сапаттуу социалдык объекттерге жетүүнү кеңейтүү негизги милдеттер болуп калды.

Долбоордун аркасында ошондой эле жаңы жумуш орундары түзүлдү, аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди, мурда камтылбаган коомчулуктарда  баштапкы медициналык-санитардык жардамга жеткиликтүүлүк камсыз кылынды.