Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорун ишке ашырууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорун ишке ашырууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС), Агробизнестин атаандаштыкка
жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коому аркылуу ишке ашырылууда.
Анын алкагында Ош облусунда долбоордун алкагында эки соода-логистикалык борбор ишке киргизилди.
Кенеш айылында «Эко Азык» ЖЧКсынын «Мөмө-жемиш» кошумча нарк чынжыры боюнча соода-логистикалык борбору;
Толойкон айылында «Азия Органикс» ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди.
Мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо боюнча соода-логистикалык борборлор айыл чарба тармагындагы сезондуулук жана түшүмдүн коромжу болушу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган заманбап инфраструктуралык объект болуп саналат.
Мындай комплекстерди ишке киргизүү айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жергиликтүү фермерлер үчүн продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле кайра иштетилген жана жогорку кошумча наркка ээ болгон продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.


