11 Май 2024

Баткен облусунда агрокластерлерди өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу андан ары баалоо жана бекитүү үчүн агрокластерлерди өнүктүрүүнүн долбоордук сунуштарын кароо максатында жемиштүү өнөктөштүктөрдү тандоо боюнча комитеттин отуруму жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

Отурум КР Министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан "Баткен облусунда региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун 2.2 "Агроазыктүлүк кластерлерин чыңдоо" чакан компонентинин алкагында болуп өттү.

Жыйынга КР Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын, КР Финансы министрлигине караштуу капиталдык курулуш фондунун өкүлдөрү, ошондой эле КРӨнүн ыйгарым укуктуу өкүлү катышты.

Долбоордун негизги максаты – бизнес-моделдерин түзүү жана кошумча нарк чынжырынын катышуучуларынын, анын ичинде сатып алуучулардын, агро-иштетүүчүлөрдүн, фермерлердин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда натыйжалуу байланышты жана ишенимди өнүктүрүү.

Отурумдун жүрүшүндө төмөндөгү беш агрокластерди өнүктүрүү боюнча бизнес-пландар сунушталды:

1.         Канаттуулар / тоок жумурткасы КНЧ;

2.         Сүт КНЧ;

3.         Мөмөлөр КНЧ;

4.         Жемиштер КНЧ;

5.         Күрүч КНЧ.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча, жогоруда аталган агрокластерлер бир добуштан кабыл алынган чечим менен региондо айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү деп белгиленди.

Маалымдама үчүн:

Долбоордун алкагында жемиштүү өнөктөштүктүн катышуучулары айыл чарба товарларын жана жабдууларын сатып алууга жылына 1%дык жеңилдетилген товардык кредит алышат. Насыянын жалпы суммасы фермерлер, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, ошондой эле кайра иштетүүчүлөр/экспортерлор үчүн каражаттарды ар кандай бөлүштүрүү менен ар бир максаттуу субъектиге 700 миллион сомду түзөт.