03 Сентябрь 2024

ПУТС: Панфилов районунун жашоочуларынын медициналык жардам алуусу жакшыртылды

Чүй облусунун Панфилов районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЦОВП) модернизацияланган имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Борборду модернизациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров онлайн режиминде катышты. Калган коноктор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев, Панфилов районунун жетекчилигинин өкүлдөрү, АРИСтин өкүлдөрү, борбордун медицина кызматкерлери, ошондой эле зор кызыгуу жана үмүт менен бүтүрүүнү күтүп жаткан облустун тургундары болушту. Жүргүзүлгөн модернизация чоң мааниге ээ, анткени жаңыланган Борбор азыр өзүнүн конокторуна жана кызматкерлерине кыйла жакшыртылган шарттарды сунуштайт.

Модернизациялоо иштери имаратты жылуулоо, терезелерди жана эшиктерди энергияны үнөмдөөчүгө алмаштыруу, жылытуу системасын жаңылоо, ошондой эле желдетүү системасын модернизациялоо жана рекуператорлорду орнотуу боюнча комплекстүү иш-чараларды камтыйт. Өзгөчө көңүл имараттын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга бурулду, бул борбордун кызматкерлеринин да, конокторунун да коопсуздугу үчүн абдан маанилүү.

АРИСтин инженерлери жана адистери бул иштерди жогорку жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен аткарышты. Алардын аракеттери имараттын энергетикалык натыйжалуулугун бир топ жакшыртып, энергияны керектөөнү 40% кыскартууга жардам берет. Бул өзгөчө климаттын өзгөрүшү жана энергияга болгон баанын өсүшү жана жеткиликтүүлүгү чектелген шартта маанилүү.

“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Бул долбоор республиканын бардык аймагындагы коомдук имараттарда ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, калкка модернизацияланган жана энергияны үнөмдөөчү жайларда сапаттуу кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, бул социалдык объект Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоого арналган 100 объектинин курулушунун алкагында ишке ашырылган.