15 Апрель 2024

ПУТС: Дүйнөлүк банктын миссиясы башталды

Миссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- 1-компонентти ишке ашыруунун жүрүшүнө сереп, анын ичинде "Восток" жылуулук тармагынын калыбына келтирүү иштери,

- 2-компоненттин алкагында модернизациялоо боюнча ишке ашыруунун жүрүшүнө жана бүткөрүлгөн иштерге сереп,

- долбоорду ишке ашыруунун калган мезгилине карата колдоону камсыз кылуу ж. б.

Миссия энергетика боюнча адис Ким Е Джун мырзанын жетекчилиги астында өтөт. Миссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: Лулва Али айым - айлана-чөйрө боюнча улук адис, Алмаз Асипжанов мырза  - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис, Сырга Асаналиева айым - социалдык өнүктүрүү боюнча адис, Ирина Гончарова айым - сатып алуулар боюнча улук адис), Алия Ким айым - финансылык башкаруу боюнча улук адис, Пекка Салминен мырза - борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо боюнча эксперт, Бектен Доолотов мырза - энергетика боюнча адис ж. б.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү ошондой эле долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү максатында Чүй облусундагы бүткөрүлгөн объекттерге барышты:

- Москва районунун Сретенка айылында жайгашкан Сретенка жалпы билим берүү мектеби;

-Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан "Алтын Балалык" бала бакчасы. 

Миссиянын жүрүшүндө долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат долбоордун координатору У.А. Бидинов тарабынан деталдуу түрдө берилди. Ошондой эле ал банктын адистерине долбоорду ийгиликтүү аяктоо максатында жүргүзүлгөн иштер жана иш-чаралар тууралуу маалымат берди. 

Кошумчалай кетсек, миссиянын алкагында Ош облусуна ПУТС алкагында бүткөрүлгөн объекттерге мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу сапар пландаштырылган. Долбоордун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы 2024-жылдын 19-апрелине чейин уланат.

Маалымат үчүн:

Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылат жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланат жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, билим берүү жана саламаттык сактоо секторлорундагы имараттардын энергия керектөөсүн азайтуу үчүн жылытуу жана энергонатыйжалуу технологияларды киргизүү жаатындагы ишенимдүү жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.