ПРСВСНО: Нарын облусундагы муниципалдык суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу Нарын облусунун максаттуу аймактарында 2024-жылдын 31-майынан 8-июнуна чейин “Нарын облусунда айылдык суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында муниципалдык суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлеринин институционалдык потенциалын жогорулатуу боюнча тренингдер өтүп жатканын маалымдайт.
Эки күндүк тренингдер айыл аймактарынын деңгээлинде төмөнкү темаларда өткөрүлүүдө:
"Турмуш-тиричилик жана ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарына жана сууну дезинфекциялоого карата гигиеналык талаптар",
"Гигиеналык талаптар жана ичүүчү суунун сапаты стандарттары. Ичүүчү сууну текшерүү".
Өтүп жаткан окуу иш-чараларынын максаттуу аудиториясы болуп Нарын районунун Чет-Нура, Жан-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарында жана Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан муниципалдык ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана Программанын кичи долбоорлоруна кирген айылдардын суу комитеттеринин мүчөлөрү саналат.
Тренингдин негизги максаттары:
- Кызматкерлердин квалификациясын жогорулартуу: Окутуунун программасы суу менен камсыздоо тармагында колдонулуучу учурдагы методторду жана технологияларды камтыйт.
- Санитария жана гигиена стандарттары: Сууну дезинфекциялоо, ичүүчү суунун сапатына жана коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар боюнча маселелерди камтыйт.
- Инновацияларды киргизүү: Суу менен камсыздоо тармагындагы жаңы инновациялык чечимдер жана ыкмалар менен таанышуу.
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу: Калкты суу менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган стандарттар жана методтор боюнча окутуу.
Белгилей кетсек, окутуунун негизги багыты суу менен камсыздоо тутумун натыйжалуу башкаруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн зарыл болгон кесиптик чеберчилик жана билимдерди өнүктүрүү болуп саналат.