Таиландда айылдык санитария боюнча окуу өткөрүлдү
Азиялык технологиялар институтунда (Таиланд) Азия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарында санитария кызматтарын көрсөтүү жаатындагы потенциалды жогорулатуу» темасында окуу программасы өткөрүлдү.
Окууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, тиешелүү министрликтердин, АРИСтин, ошондой эле Нарын облусундагы Чаек, Лама, Исакеев жана Жерге-Тал айылдарынын аткаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Аталган айылдарда локалдык тазалоочу курулмаларды куруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.
Окуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн санитарияга жана калктын саламаттыгына тийгизген таасири, суу ресурстарынын тартыштыгы жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.
Алынган билимдер Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу конуштарында жеткиликтүү жана туруктуу санитария кызматтарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


