25 Август 2025

ПРЭР: Өзгөн шаарында З.Ормонов атындагы спорттук комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

Өзгөн шаары, Ош облусу – 2025-жылдын 23-августу. З. Ормонов атындагы жаңы спорттук комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 

Спорттук объект,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган,  Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ишке ашыруучу агентство болуп саналган  «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (ПРЭР) ишке ашыруунун алкагында курулган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол ассоциациясынын президенти К.К. Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н. Жантаев, Дүйнөлүк банктын өкүлү Т. Жукушева, АРИСтин Аткаруучу директору М. Д. Наспеков, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана башка расмий адамдар  катышты.

М.Д. Наспеков өзүнүн презентациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К. Ташиевди Өзгөн шаарында долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал ПРЭР алкагында шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын катарына Өзгөн мунарасын тарыхый-археологиялык мурас катары реконструкциялоо, шаардык стадионду модернизациялоо, эки сейил бакты көрктөндүрүү жана уникалдуу жөө өтмөк көпүрөсүн куруу киргенин белгиледи. Бүгүнкү күндө З. Ормонов атындагы спорттук комплексинин курулушу жана шаардык сейил бактардын бирин көрктөндүрүү ийгиликтүү аяктады, ошондой эле жөө өтмөк көпүрөсүн куруу боюнча иштер аяктоо стадиясында тургандыгы боюнча маалымат берди.

К. К. Ташиев өз сөзүндө окуянын маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга жана кесипкөй командаларга өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, кесипкөй командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат»

Салтанаттуу окуянын урматына майрамдык программа уюштурулду: концерт, ошондой эле Премьер-лиганын 18-турунун ОшМУ жана "Өзгөн" командаларынын ортосундагы беттеш. Спорттук комплекстин ачылышына 5000ден ашуун көрүүчү келди.

З.Ормонов атындагы спорттук комплекстин ачылышы Өзгөн шаарынын тургундары үчүн гана эмес, бүткүл Ош облусу үчүн маанилүү окуя болду. Жаңы объект жаштарды өзүнө тартуучу борборго, спорттук жетишкендиктерге жетүүчү жайга жана аймактын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн символуна айланууга тийиш.