ПРЭР: Аткаруучу директор Өзгөн шаарындагы объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты
Ош облусу, 2025-жылдын 16-апрели – АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, Өзгөн шаарынын мэри Э.Таев, долбоордун координатору А.Кадыров жана долбоордун адистери менен биргеликте Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун (ПРЭР) алкагында активдүү курулуш жана реконструкциялоо стадиясында турган объектилерге мониторинг жүргүздү.
М.Наспеков курулуш объектилерин кыдыруу учурунда подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды өткөрдү. Ал бардык иштер жогорку сапатта, техникалык нормаларга катуу ылайык жана белгиленген мөөнөттө аткарылышы керектигин баса белгиледи. Ишке ашырылып жаткан чечимдердин ачык-айкындуулугу, коопсуздугу жана узак мөөнөттүү туруктуулугу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
"Бул долбоорлор жөн гана жакшыртуу эмес, алар жашоочулардын ыңгайлуулугуна, ден соолугуна жана келечегине жумшалган инвестиция. Ар бир деталдын жогорку деңгээлде аткарылышы абдан маанилүү, анткени бул объектилердин сапаты алар элге канча жылдар бою кызмат кылаарын аныктайт", - деп белгиледи ал.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан ПРЭР долбоору жашоонун сапатын жакшыртууга жана социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.