Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Нарын облусуна барышты
2025-жылдын 30-апрелинде Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Социалдык өнүктүрүү (Коргоо чаралары) боюнча улук адиси Софио Оманадзе жетектеген АӨБнын Коопсуздук чаралары боюнча Миссиясы «Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы» камтыган айылдардагы социалдык кепилдиктердин сакталышын текшерүү үчүн Нарын облусуна барды.
Миссиянын башчысы Нарын облусунда АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу миссиясынын социалдык коргоо боюнча адиси Наргиза Кудайбердиева, АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу миссиясынын көчүрүү боюнча консультанты Чыңгыз Сыдыков, ошондой эле АРИСтин адистери кирген адистер тобунун коштоосунда болду. Миссия Нарын районундагы Учкун айылында болуп, аталган айылдагы таза суу түтүктөрүн куруу-монтаждоо иштеринин алкагындагы мобилизациялык иш-чаралардын жүрүшү менен таанышты.
Мындан тышкары, өкүлчүлүк Нарын районундагы Жан-Булак айылындагы пайдаланууга берилген ичүүчү суу системасы менен таанышып, тактап айтканда, суу мунарасынын ордунда болуп, аталган объектинин иштөөсүнө мониторинг жүргүздү.
Иш сапардын жыйынтыгында Миссиянын мүчөлөрү Программанын алкагындагы иштердин жүрүшүнө оң баа беришти, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө социалдык коргоо чараларын сактоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунуштарын беришти.
Эскерте кетсек, «Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Программанын негизги максаты Нарын облусунун айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитария менен камсыз кылуу болуп саналат, бул инфраструктураны кеңейтүү жана институционалдык потенциалды өнүктүрүү аркылуу ишке ашырылат.