Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү ПРСВСНО программасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
2024-жылдын 15-июлунда Азия өнүктүрүү банкынын инженер-консультанты Патрик Лорин мырза Кыргыз Республикасына келди. Консультанттын жумушчу сапарынын максаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Нарын облусунда айылдык суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын» алкагында ашырылып жаткан иш-чараларына мониторинг жүргүзүү болуп саналат.
Иш сапарынын жүрүшүндө, П.Лорин мырза АРИСтин адистери менен бирге 2024-жылдын 16-июлунан 20-июлуна чейин, Нарын облусунун айылдарына курулуп жаткан чакан долбоорлор, атап айтканда, Нарын районунун Орто-Саз, Ак-Кыя, Орук-Там, Төш-Булак, Жалгыз-Терек, Жан-Булак айылдарында жана Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында болуп жаткан курулуш-монтаждоо иштерине жана курулуп жаткан суу менен камсыздоо тутумдарын эксплуатациялоо боюнча муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүздү.
Мындан тышкары, консультант, локалдык саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды (ЛОС) пилоттук түрдө ишке ашыруу боюнча техникалык чечимдерди ишке ашыруу пландалып жаткан айылдарды кыдырып, мамлекеттик органдар менен макулдашылган ЛОС орнотуу үчүн тандалган жерлерди жана тазаланган саркынды сууларды агызуучу жерлерди карап чыкты.
Жер-жерлерге баруунун жана ПРСВСНО командасы менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча АӨБ консультанты курулуш иштерин талаптагыдай аткаруу, техникалык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, каржылык туруктуулукту жана бүткөрүлгөн суу системалары менен камсыздоону иштеткен муниципалдык ишканалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча өз сунуштарын берет.
Эскерте кетсек, ПРСВСНОнун максаты Нарын облусунун айылдык калктуу конуштарын таза суу менен камсыз кылуу жана санитария инфраструктурасын кеңейтүү жана санитардык чечимдерди пилоттоо. Ошондой эле, айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда туруктуулукту жогорулатуу үчүн институционалдык потенциалды чыңдоо.