16 Июнь 2024

Ыйык Курман айт майрамы менен куттуктоо!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпы мусулмандар үчүн ыйык болгон бул майрам тынчтыкка, ынтымакка жана бири бирине түшүнүшүүгө чакырат.

Бүгүнкү майрам сизди жакшылыкка, сооптуу иштерге шыктандырып, Жаратканга кайрылууңуз жүрөгүңүздөрдү асыл ойлорго, жылуулукка толтурсун.

Ар бириңиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык, элибизге биримдик, Кыргызстаныбызга гүлдөп өнүгүүнү каалайм!

 

Урматтоо менен,

АРИСтин аткаруучу директору

М.Д. Наспеков