Улуу Британиянын КРдагы элчиси Николас Боулер жана Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл Жалал-Абад облусунда болушту
30-августта Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николас Боулерди, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделлди сапарында Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун координатору Майрамбек Баялиев жана долбоордук команданын адистери коштоп жүрүштү. Сапардын башкы максаты коомчулуктардын демилгеси боюнча өнүктүрүү долбоорлорунун (РИС-долбоорлору) негизги жетишкендиктери менен таанышуу болду.
Жолугушууда ЖӨБОнун өкүлдөрү, климаттын өзгөрүшү боюнча элчилер, айылдын активисттери төмөнкүлөрдү баса белгилешти: КР Министрлер Кабинетинин долбоорлорун ишке ашыруу процессине коомчулукту кеңири тартуу үчүн социалдык мобилизациялоонун мааниси; жер-жерлерде инвестицияларды башкаруу маселелеринде ЖӨБОнун потенциалын күчөтүү жана алардын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо; жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү; жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарларынын кирешелерин жогорулатуу; аялдардын жана жаштардын социалдык тартылышын камсыз кылуу; климатка туруктуу технологияларды колдонуу.
Алсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Булак -1 айылында, Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000 долбоорунун (ППМС) алкагында "Матиев ат. мектепте класстык жайларды реконструкциялоо жана китепкана менен музейди куруу" чакан долбоору ишке ашырылган. Анын ийгиликтүү аякташы Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп жана Жалал-Абад облусунун коомчулуктарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу кызматташуусунун үлгүсү болуп калды.
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын калкынын жалпы саны 32 500дөн ашуун адамды түзөт. 300 окуучуга ылайыкталган жана 2018-жылы курулган мектепте окуучулардын саны ашып кеткен. Эми бул окуу жайда заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлүп, окуу класстарынын саны көбөйдү. Музей жана китепкана үчүн өзүнчө имарат куруу аймактын тарыхый-маданий мурастарынын сакталышын камсыздап, мектеп окуучуларынын билим берүү жана маданий ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтти.