Аксы районунда туристтик объекттин ачылышы: Райондун экономикасын өнүктүрүүнүн негизги булактарынын бири
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан “Кара-Камыш көлүндөгү экотуризмди өнүктүрүү” чакан долбоорунун ачылышы боюнча маалымдайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган CASA-1000 «Жергиликтүү коомчулукту колдоо» Долбоорун Кошумча каржылоонун (ППМС CASA-1000) алкагында, аймактагы стратегиялык маанилүү сектор катары туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн туристтик кызматтардын деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылган.
Туристтик аянттын расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.Сыдыков, ППМС CASA-1000 долбоорунун координатору М.Баялиев, бизнес коомчулугу, айылдык кеңештин депутаттары, Өзбекстан Республикасынан келген делегация, жергиликтүү калк ж.б. катышты.
Алгачкы инвестиция 9 504 000 сомду түзүп, ага керектүү техникалар/жабдыктар жана инвентарлар (29 комплект боз үй, ашкана идиштери, оргтехника, эмерек ж.б.) сатылып алынып, өткөрүлүп берилген.
“Кыргызстандын уникалдуу тоо экосистемалары жергиликтүү жана чет элдик туристтерди көптөн бери өзүнө тартып келет. Бирок өлкөбүз үчүн приоритеттүү тармак болгон экотуризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн тейлөө экономикасын жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү зарыл. Эми мындай комплекстүү мамиленин айкын мисалдарынын бири болуп “Кара-Камыш көлүндөгү экотуризмди өнүктүрүү” чакан долбоору эсептелет. Биз кыска мөөнөттүн ичинде бул объект Кыргызстандагы алдыңкы туристтик базалардын бирине айланат деген ишенимибизди билдиребиз”, - дейт ППМС CASA-1000 долбоорунун координатору М.Баялиев.
“Кара-Камыш көлүндөгү экотуризмди өнүктүрүү” чакан долбоору климатка чыдамдуу: бул жерде күн батареяларын жана суу жылыткычтарды колдонуу пландалууда. Бизнес-долбоорду ишке ашыруунун алкагында экологиялык, көрктөндүрүү жана коргоо иш-чараларын уюштуруу да каралган.
Белгилей кетсек, эң кызыктуу экономикалык объектилердин бири “Кара-Камыш көлүндөгү экотуризмди өнүктүрүү” Кара-Суу ААнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, региондук дүң продукцияны жогорулатууга, жергиликтүү бюджетке салыктык чегерүүлөрдү көбөйтүүгө, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын стратегиялык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.