Ош шаарында Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы фонтан менен аянттын ачылышы болду
Ош шаарынын борбордук аянтында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы фонтандын жана сейилдөө аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул маанилүү окуя шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган 100 объектти куруу боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү болду.
Борбордук аянтты реконструкциялоо "Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү" Долбоорунун (ПРЭР-1) алкагында жүргүзүлдү. Ачылыш аземине онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров катышты. Ошондой эле иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри М. Исаев, «Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору А.К. Большевиков жана башкалар катышты.
Долбоор шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылган. Реконструкциялоонун алкагында 40ка жакын жаңы отургучтар орнотулуп, заманбап жарыктандыруу менен сейилдөө аянтчасы шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болду.
“Бул долбоор шаарыбызды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Биз жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаардын жашоосуна көбүрөөк жашыл аймактарды жана заманбап инфраструктураны алып келүүгө аракет кылабыз”, - деп Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаев белгиледи.
Жаңы фонтандын жана сейилдөө аянтчасынын ачылышы шаардык инфраструктуранын өнүгүүсүн гана эмес, Ош шаарынын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга болгон умтулуусунун да белгиси.
“Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылат.