13 Июнь 2024

Талас облусунда “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) долбоорунун” (ДФ ПСИ-3) алкагында тажрыйба алмашуу иш сапарлары башталды

Тажрыйба алмашуу сапарларынын катышуучулары: ЖӨБ органдарынын жана айылдык жамааттардын инвестициялык ассоциацияларынын аткаруу комитеттеринин өкүлдөрү, климаттын өзгөрүүсү боюнча өкүлдөр, коомчулуктун кабарчылары, Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Талас облустарынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана ДФ ПСИ-3 долбоорунун өкүлдөрү.

Негизги максат – лидер аялдардын жана жамааттардын активдүү мүчөлөрүнүн катышуусунда социалдык инфраструктура объектилерин жана экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруунун мыкты үлгүлөрүн изилдөө. Ошентип, 12-13-июнь күндөрү Талас облусунда ДФ ПСИ-3 долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан бир катар объектилер менен таанышуу жүргүзулдү.

Алар төмөнкү чакан долбоорлор (ЧД):

- Арчагул айылындагы “Арча-Бешик бала бакчасына кошумча имарат куруу”;

- Кек-Сай айылында “Таш терүүчү машина сатып алуу” жана “Мөмө-жемиштерди кургатуу үчүн жабдууларды сатып алуу”;

- Чолпонбай айылындагы “Б.Мырзабаева атындагы орто мектебинин ремонту”;

- “Этти кайра иштетүүчү цехти (колбаса цехин) түзүү”;

- Чалдовар айылындагы “Д.Батырбашиев атындагы мектеп гимназиясынын №2 имаратынын абалын жакшыртуу жана жылуулоо”;

- Бакай-Ата (Миң-Булак) айыл аймагында “Пельмен чыгаруучу цехке жабдууларды сатып алуу”;

- Ынтымак айылындагы “Алтын уя” бала бакчасынын имаратын жылуулоо, ашкана жабдууларын сатып алуу, аймагын көрктөндүрүү”;

- Акназаров айыл аймагында “Самын жасоо боюнча мини цех”;

- Көк-Ой айылындагы “Тай-Күлүк бала бакчасынын жылуулук системасын алмаштыруу”;

- Ак-Жар айылында “ФАП куруу”;

- Талды-Булак айылында жайгашкан “Кошойбек-Ата бала бакчасынын чатырын жана электр зымдарын алмаштыруу” жана “Аарычылыкка жабдууларды сатып алуу”.

Белгилей кетсек, тажрыйба алмашуу иш сапарлары 11-июндан 30-августка чейин Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында улантылат.