30 Октябрь 2026

НПИС: Казарман айылындагы «Келечек» бала бакчасын капиталдык оңдоого алгачкы келишимге кол коюлду

 

Бүгүн Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында алгачкы келишимге кол коюу аземи болуп өттү – бул «Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында 290 орундуу «Келечек» бала бакчасын капиталдык оңдоо» чакан долбоору.

Документке НПИСтин координатору М.Э. Баялиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Олжотоев жана подряддык уюмдун өкүлү - "Инком Систем" ЖЧК" башкы директору К.С. Тажибаев кол коюшту.

Бул мектепке чейинки мекемеде комплекстүү капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү, инженердик тармактарды модернизациялоо, жаңы дренаждык системаны орнотуу, чатырды оңдоо пландалууда. Ошондой эле ашкана блогу, кир жуучу жай, медициналык блок, административдик бөлмөлөр үчүн технологиялык жабдууларды жеткирүү, монтаждоо жана ишке киргизүү, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү иштери каралган.

Кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө долбоордун координатору Майрамбек Баялиев: «Чакан долбоорду ишке ашыруу балдарды тарбиялоо жана ар тараптуу өнүктүрүү үчүн коопсуз, ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү коомчулук үчүн мектепке чейинки инфраструктуранын сапатын жакшыртууга багытталган. Ошол эле учурда келишимдик милдеттенмелерди аткарууга, аткарылган иштердин сапатына жана анын ишке ашыруу мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл бурулат»,- деп баса белгиледи.