05 Август 2026

НПИС: Аткаруучу директор окутуу иш-чараларынын жүрүшүнө мониторинг жүргүздү

2026-жылдын 5-августунда Кант шаарында Аткаруучу директор Жумадылов Калыбек Аманатович Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС)  алкагында Калктын киреше булактарын колдоо программасы боюнча өткөрүлүп жаткан окутуулардын жүрүшү менен таанышуу максатында пландан тышкаркы жумушчу сапарын ишке ашырды.
 
Жумушчу сапардын жүрүшүндө окутууну уюштуруу жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорду сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн айрым уюштуруучулук маселелер белгиленди. Атап айтканда, тренингдерге катышуучулардын курамына жана санына коюлган талаптарды сактоонун, ошондой эле окуу процессин милдеттүү түрдө видеофиксациялоонун зарылдыгына. Жумушчу сапардын жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге аныкталган кемчиликтерди жоюу жана мындан аркы ишти уюштурууну өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
 
Аткаруучу директор мындай пландан тышкаркы жумушчу сапарлар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлүп турарын белгиледи. Алардын максаты - окутуунун сапатына мониторинг жүргүзүү, көңүл бурууну талап кылган маселелерди өз убагында аныктоо, консультанттардын кесиптик потенциалын баалоо жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу.
 
Маалымат үчүн:
 
Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) алкагындагы Калктын киреше булактарын колдоо программасы боюнча окутуу Кыргыз Республикасынын жети облусунда өткөрүлөт. Жалпысынан 4 000 катышуучу окутуудан өтөт.
 
Окутуу программасы 10 модулдан турат жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, өз ишин баштоого жана ийгиликтүү жүргүзүүгө зарыл болгон негизги темаларды камтыйт.
Прямая линия Исполнительного директора: +996 500 222 600