15 Октябрь 2026

НПИС – жергиликтүү демилгелерди колдоо, жамааттарды өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу

 

12-14-октябрь аралыгында НПИСтин долбоордун координатору М. Э. Баялиев баштаган тобу Талас облусуна жумушчу сапар менен барышты. Айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, ишкерлер, бир катар билим берүү мекемелеринин жамааттары, Акназаров жана Шекер айыл аймактарынын максаттуу айылдарынын тургундары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө төмөнкүлөр талкууланды:

социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу аспектилери,

экономикалык объектилерди ишке ашыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзгөн облус үчүн актуалдуу Кошумча нарк чынжырларын (КНЧ) өнүктүрүү боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү.

Кен-Кол айыл аймагындагы бир катар билим берүү мекемелерине климатка туруктуу технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду, анткени бул жерде балдардын окуусу жана мугалимдердин иштөөсү үчүн экономикалык жактан пайдалуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында энергияны үнөмдөөчү жылуулук насосунун орнотмосун колдонуу пландалууда.

Жалпысынан, аймактарга мындай жумушчу сапарлар жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун ишке ашыруу боюнча кийинки аракеттерди координациялоодо маанилүү кадам болуп саналат.