02 Июль 2025

КМТУда жаңы лабораториялык база — "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында суу менен камсыз кылуу боюнча адистерди даярдоо үчүн

Бүгүн, 2025-жылдын 2-июлунда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тармагында адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган эки лабораториялык жана эки окутуу классынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш чарага төмөнкү коноктор катышты:

• Одете Муксимпуа,  Дүйнөлүк банктын суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча улук адиси;
• Мирлан Чыныбаев,  И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору;
• Урматбек Кадыров, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы;                                                   • Эрлан Корчубай уулу – АРИСтин ПУРСВС долбоорунун координатору жана башкалар.

Жабдуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС жана КМТУ ортосундагы кызматташтык  жөнүндө меморандумга ылайык сатылып алынган. Жалпы алынган жабдуулардын суммасы 12 миллион сом.

Лабораториялар төмөнкү жабдуулар менен камсыздалган:

• Заманбап компьютердик жабдуулар;
• Интерактивдүү такта;
• Көп функциялуу түзүлүштөр;
• Санарип лабораториялык микроскоп;
• Көчмө активдүү хлор анализатору;
• Муфель меши;
• Жана башка атайын лабораториялык жабдуулар.

Бул лабораториялар өлкөнүн суу сектору үчүн кадрларды даярдоо борборуна айланат. Алар теориялык жана практикалык окутуу, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин жана ичүүчү жана саркынды суулардын сапатын реалдуу объекттерде талдоону  камсыз кылат.

Кызматташтыктын алкагында буга чейин 155тен ашуун адис окутулуп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензияланган сертификаттарына ээ болушкан. Программа өлкөнүн бардык 7 облусун камтыйт. Катталуу уланууда — каалоочулардын бардыгы окутууга катышып, суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тармагында квалификациясын жогорулата алышат.