29 November 2024

Нарын облусунун мектеп окуучуларына гендердик сабаттуулуктун негиздери боюнча тренингдер өткөрүлдү

Жаш муундардын гендердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында, 2024-жылдын 15-октябрынан 26-ноябрына чейин Нарын облусунун орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн гендердик сабаттуулуктун негиздери боюнча онлайн тренингдер өткөрүлдү.

Тренингдерде Нарын облусунун Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунун орто мектептеринен жалпысынан 720 окуучу, анын ичинде 430 кыздар катышты. Анда катышуучулар коомчулуктарды өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналган, эркектер менен аялдардын ролу жана алардын өз ара мамилелери тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары, эмгек тармагындагы гендердик бөлүнүш жана анын үй чарба экономикасына тийгизген таасири, ошондой эле гендер боюнча ар түрдүү түшүнүктөр кенен каралды.

Тренингдердин жыйынтыгында гендердик сабаттуулуктун негиздери боюнча ачык дебаттар өткөрүлүп, катышуучулар уюшулган чакан топтордо өз билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Нарын облусунун калктуу конуштарын коопсуз ичүүчү суу менен жана жакшыртылган санитарияга ишенимдүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында өткөрүлдү.