23 December 2024

Нарын облусундагы пилоттук жамааттардын өкүлдөрү үчүн тренингдер

2024-жылдын 26-ноябрынан тарта 18-декабрына чейин Нарын шаарында жана Кочкор айылында билим беруу мекемелеринин кызматкерлеринин жана пилоттук жамааттардын активисттеринин катышуусунда тренерлерди даярдоочу жана жергиликтүү деңгээлдеги тренингдер өткөрүлдү. Ичүүчү суу системаларын куруу иштери жүрүп жаткан Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорундагы 11 айылдын өкүлдөрү 2 багыт боюнча кенен маалымат алышты:

  1. Билим берүү мекемелеринде суу ресурстарына жеткиликтүүлүктү жана бардыгы үчун санитарияны камсыз кылуу, колду жуу үчүн шарттарды түзүү, коопсуз дааратканаларды куруу жана окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин гигиеналык билимдерин жана тажрыйбаларын жогорулатуу маселелери;
  2. Пилоттук айылдардын жашоочуларынын үйгө суу киргизүү, дааратканаларды жакшыртуу, анын ичинде балдардын жана чоң адамдардын ачык жерге заңдоо көйгөйлөрү, суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча жүрүм-турумун өзгөртүү.

Тренингтерде жогоруда аталган айылдардагы 15 орто мектептин жана 18 бала бакчанын өкүлдөрү, ошондой эле Программанын 15 талаа кызматкерлери, 150 дөн ашуун айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, жалпысынан 353 адам, анын ичинен 261 аялдар (74 %) катышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасы”, Нарын облусунун 43 айылдык жамааты үчүн коопсуз суу менен камсыздоону жана жакшыртылган санитарияга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну камтыйт.