31 October 2024

Нарын облусунда “Үйдө санитарияны жакшыртуу” темасында тренинг өткөрүлдү

2024-жылдын 29-31-октябрь күндөрү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында “Үйдө санитарияны жакшыртуу” темасындагы тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин башкы максаты - коммуникацияларды пайдалануу аркылуу жашоочулардын үйгө суу киргизүүдө, дааратканаларын жакшыртууда жүрүм-турумун өзгөртүү жана бенефициарлар менен кайтарым байланыш механизми боюнча үй-чарбалар менен иш алып барган сырттан иштеген кызматкерлерине, пилоттук айылдардын активисттерине усулдук жактан колдоо көрсөтүү.
Аталган тренинг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулуп, ага Кочкор районунун Кочкор, Исакеев, Кара-Тоо жана Молдо-Кылыч айылдарынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын катарында аталган айылдардын айыл өкмөттөрүнүн, медициналык мекемелеринин кызматкерлери, айылдык ден соолук комитеттеринин жана демилгелүү топтордун өкүлдөрү болду.
Тренингдин жүрүшүндө ачык булактардан алынган сууну пайдалануунун кемчиликтери, үйгө суу киргизүүнүн жана суу өлчөгүч жабдууларды орнотуунун артыкчылыктары, үй-бүлө мучөлөрүнүн жашоо сапатына суу менен камсыз кылуу шарттарын жакшыртуунун тийгизген таасири боюнча маалыматтар айтылды. Катышуучулар көнүгүүлөрдү чакан топтордо талкуулап, колдонмонун ар бир темасы боюнча өз ойлорун презентация түрүндө тартуулашты.
Тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга «Үйдө санитарияны жакшыртуу» методологиясы жөнүндө терең маалымат берилип, АРИСтин долбоорлоруна байланыштуу бенефициарлар менен кайтарым байланыш механизмдери көрсөтүлдү. Окутуу Нарын облусунда ичүүчү суу системалары курулуп жаткан айылдардын жашоочулары үчүн пландалган маалыматтык-окутуу иш-чараларынын катарына кирет.