02 December 2024

Нарын облусу боюнча ичүүчү суу менен камсыз кылуу тармагындагы муниципалдык ишканалардын кызматкерлери потенциалын жогорулатууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында, Нарын облусу боюнча ичүүчү суу менен камсыз кылуу тармагындагы муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн кезектеги тренинг өткөрүлдү.

«Муниципалдык ишкананын суу башкаруу чарбаларынын бухгалтердик эсептин, салык салуунун жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздери» темасындагы тренинг 2024-жылдын 29-30-ноябрында Нарын шаарында өткөрүлүп, анда катышуучулар бухгалтердик эсеп жөнүндө жалпы түшүнүктөр, принциптер, талаптар жана колдонуучулары боюнча кенен маалымат алышты. Ошондой эле, аталган тренингте, бухгалтердик эсептин ыкмалары, баланс, коштоп жазуу, счеттордун планы жана түзүлүшү тууралуу жана башка багыттардагы темалар каралды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасы”, Нарын облусунун 43 айылдык жамааты үчүн коопсуз суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитарияга ишенимдүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен бирге долбоордук аймактарда ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүүгө жооптуу муниципалдык ишканалардын потенциалын жогорулатууну камтыйт.