ФАПтын болушу – айыл жеринде саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылганын билдирет. ФАПтын жаңы имараты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) долбоорун” алкагында курулган.
Медициналык мекеменин ачылыш аземине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Долбоордун координатору М.Досуев жетектеген ДФ ПСИ-3 адистери, жергиликтүү тургундар ж.б. катышты.
ФАПтын эски имараты 1986-жылы курулуп, жараксыз абалга келип, калкка өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жараткан. Керектүү шарттардын жана жабдуулардын жоктугу медицина кызматкерлеринин ишин бир топ кыйындатып, айыл тургундарынын ден соолугуна, өзгөчө Ковид-19 пандемиясы учурунда коркунуч жаратты.
Кашка-Суу айылынын аксакалы Алмамбет Курманалиев өз сөзүндө: “Жергиликтүү тургундардын аракети, бийлик органдарынын колдоосу жана социалдык мобилизациялоонун жана айыл аймагында ДФ ПСИ-3 Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн коомдук угуулардын негизинде 2023-жылы жаңы ФАП куруу чечими кабыл алынган. Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен толук жабдылган ыңгайлуу имарат курулуп бүттү, биз кубанып, чексиз ыраазыбыз”, - деп билдирди.
Ошондой эле, аталган долбоордун координатору М.Досуев эл алдында сүйлөгөн сөзүндө:“АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ДФ ПСИ-3 Долбоорунун негизги максаттарынын бири мындай кызматтар менен камтылбаган айылдык жамааттарда баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү болуп саналат. Бул иш-чара айыл элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого маанилүү кадам болот деген терең ишенимибизди билдиребиз”, деп белгиледи.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин иш-чаранын коноктору жаңы ФАПтын шарттары менен таанышып, медициналык жабдыктар менен таанышып, медицина кызматкерлерине суроолорун узатышты. Айыл тургундары алардын муктаждыктарына көңүл бурулуп жатканына ыраазы болушуп, эми медициналык жардамды жогорку деңгээлде ала алышат деген тилектерин айтышты.