18 Сентябрь 2024

CS-FOR долбоорунун кызыкдар тараптары менен диалог боюнча улуттук семинар

“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)”  долбоорунун алкагында кызыкдар тараптардын улуттук диалогу боюнча семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти сыяктуу министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ФАОнун кызматкерлери, АРИС, ошондой эле өнуктуруу боюнча өнөктөш уюмдар катышты.

Семинардын негизги темасы жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттык туруктуулук планын иштеп чыгуу боюнча Методикалык көрсөтмөлөрдү талкуулоо болду.

Семинар долбоордун учурдагы негизги иш-чараларын талкуулоо, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана бардык кызыкдар тараптардын кызматташуусун бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

CS-FOR долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.