ДФ ППМСтин чакан долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын негизги максаттарынын бири
АРИСтин Аткаруучу директору М.Д.Наспеков Алай районунун Гүлчө айылында “Жылы-Суу айылдык маданият үйүн (клуб) капиталдык оңдоо” кичи долбоорунун салтанаттуу ачылышына катышты. Жалпы чыгым 3 557 885 сомду түзөт жана аны ишке ашыруудан 1200 түз бенефициар түздөн-түз пайда көрөт. Эми жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү, заманбап дүйнөдө маданий баалуулуктарды калыптандыруу жана адаптациялоо, жаш муундардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
Андан ары ДФ ППМС координатору М.Э.Баялиевдин коштоосунда, АРИСтин Аткаруучу директору М.Д.Наспеков бир катар социалдык жана энергетикалык инфраструктура объектилерин ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты:
- Сары-Таш айылындагы “ГСВнын капиталдык ремонту”. Саламаттыкты сактоо системасынын бул объектиси ишке берилгенден кийин Памир-Алай айыл аймагынын (мурдагы Сары-Таш АА) 3594 жашоочусу, коңшу Нура жана Арча-Булак айылдарынын 783 кыйыр бенефициарлары, ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там, Ош-Сары-Таш-Кара-Мык маршруттарынын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү, Тажикстан Республикасынын коңшулаш Жерге-Тал жана Мургаб райондорунун жарандары жана айдоочулары үчүн медициналык кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жакшырат. Кары-картаңдар, кичинекей балалуу жаш энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлдөрү сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн алыска барбай, калктын транспорттук чыгымдары кыскарат.
- Сары-Могол айылындагы “Оорукананы капиталдык оңдоо”. Жалпы баасы -7 498 875,50 сом. Ишке ашыруу аяктагандан кийин бул айылдын 5419 жашоочусу, ошондой эле ага чектеш Кара-Кабак жана Бурган-Суу айылдарынын жашоочулары, жалпысынан 8000ге жакын адам пайдаланат.
- Бурган-Суу айылында “Электр линияларын куруу. Айылдагы электр чубалгыларын алмаштыруу, трансформаторлорду орнотуу”. Жалпы баасы - 6 546 027,50 сомду түзөт. Бул чакан долбоорду ишке ашыруу үй чарбаларын жана социалдык объектилерди энергия менен камсыз кылуу, заманбап тиричилик техникасын колдонуу шарттарын жакшыртуу, интернет байланышын чыңдоо жана башкаларгга шарт тузүп берет.