25 Март 2025

ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы

2025-жылдын 19-мартынан 24-мартына чейин Ош шаарында жана Ош облусунда Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун (ПРЭР), ошондой эле Баткен областында Аймактык экономикалык өнүктүрүү өнүктүрүү долбоорун (ПРЭР-2) ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы Бишкек шаарында өттү.

Ишке ашырууну колдоо миссиясынын жүрүшүндө жетекчиликтин катышуусу менен бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү. Дүйнөлүк банктын атынан Кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адис жана ыкчам топтун жетекчиси Толкун Жукушева, шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис жана ыкчам топтун жетекчиси Тенгиз Гоготишвили жана банктын башка адистери катышты.

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) атынан жыйынга Аткаруучу директор Марс Наспеков, АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары Асел Мамбеткулова, долбоордун координатору Айбек Кадыров жана башкалар катышты. Ошондой эле долбоордун адистери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Миссиянын алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, аларды ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары макулдашылды. Бардык тараптардын, анын ичинде консультанттардын жана подрядчылардын өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланып, долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун ыкмалары каралды.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин адистери долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышуу, учурдагы натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана аткарылган иштерге баа берүү максатында Ош жана Баткен облустарына иш сапар менен барышты. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү социалдык инфраструктура объектилериндеги курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, долбоорлорду ишке ашыруунун алдыдагы этаптары боюнча иш планын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун максаттарына жетүү жана актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча интенсивдүү ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, КР Министрлер Кабинетинин ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат жана АРИС тарабынан ишке ашырылат.