Дүйнөлүк банктын миссиясы ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорун колдоо боюнча ишин баштады
2026-жылдын 10-июнунда Баткен облусунда "Региондук аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун” (ПРЭР-2) жана Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун” (ПРЭР) ишке ашырууну колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясынын ачылыш жолугушуусу болуп өттү. Миссиянын иши 2026-жылдын 16-июнуна чейин уланат.
Дүйнөлүк банктын миссиясынын курамына шаарларды өнүктүрүү боюнча улук адис Тенгиз Гоготишвили жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча улук адис Толкун Жукушева түзөт.
АРИС тарабынан жолугушууга Аткаруучу директор Калыбек Жумадылов, Аткаруучу директордун орун басары Асель Мамбеткулова, ПРЭР-2 долбоорунун координатору Гүлмира Джумабекова жана ПРЭР долбоорунун координатору Шайлообек Арынов катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү АРИСтин жаңы Аткаруучу директору менен таанышышты. Тараптар ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорунун ишке ашырылышынын учурдагы абалын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуулардын алкагындагы милдеттенмелердин аткарылышына байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, иш процесстерин оптималдаштырууга, каражаттарды өз убагында өздөштүрүүгө жана аткарылып жаткан иш-чаралардын жогорку сапатын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары конкреттүү натыйжаларга жетишүүнүн, ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун жана кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Аткаруучу директор Калыбек Жумадылов АРИС мындан ары да аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлордун сапаттуу жана натыйжалуу ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Аптанын ичинде Дүйнөлүк банктын эксперттери АРИСтин командасы менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүшөт. Миссиянын күн тартибине чакан гранттар программаларын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин, курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшүн, сатып алуу жол-жоболорун, социалдык жана экологиялык аспектилерди талкуулоо, ошондой эле жетишилген натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана алдыдагы мезгилге карата пландарды кароо киргизилген.
Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин өкүлдөрү сапаттуу жана натыйжалуу иш алып баруу принциптерине жалпы берилгендигин дагы бир жолу ырастап, долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы тыгыз өнөктөштүккө, натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана бирдиктүү командалык ишке гана негизделерин белгилешти.


