09 Июнь 2026

Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы Кочкор районунда иш сапары менен болду

2026-жылдын 3-июнунда Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) шаардык өнүктүрүү боюнча адиси Юто Хякукан жетектеген Миссия Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын» алкагында ишке ашырылып жаткан суу менен камсыздоо жана санитария объекттериндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач миссия Кочкор районунун Исакеев айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун курулуш иштерин көрүп чыкты. Ошондой эле С. Исмаилов атындагы орто мектепте санитардык түйүндөрдү калыбына келтирүү жана саркынды сууларды тазалоочу курулманы куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен, андан соң Кочкор айылындагы аталган багыттагы курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп, К. Кыдыралиев атындагы орто мектепте жана «Асел» балдар бакчасында санитардык түйүндөрдү калыбына келтирүү боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Программаны ишке ашырууга катышкан тараптаржан курулуш иштеринин жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди. Миссия өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына, курулуш графигинин аткарылышына жана объекттердин туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошону менен бирге, экологиялык жана социалдык коргоо чараларынын сакталышы менен таанышышып, Программанын алкагында аларды эске алуу менен курулуш-монтаждоо иштери аткарылып жаткандыгына күбө болушту.

Аталган Программа аймактардагы калктын таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, социалдык мекемелериндеги санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Прямая линия Исполнительного директора: +996 500 222 600