ЭӨА Кыргыз Республикасына Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорду ишке ашырууга 27 млн. АКШ долларын берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну, Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу-каттарды ратификациялоо тууралуу" Мыйзамга кол койгон.
Эске салсак, 2025-жылдын 12-мартында, жогоруда аталган мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылган.
КДУДга бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн. АКШ долларын түзөт (анын ичинен 25 млн. долл.- 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 50 жылга пайызсыз кредит; 2 млн. долл. – бир нече донорлор тарабынан каржыланган жана Дүйнөлүк банктын башкаруусунда турган «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» (ELP) фондунун гранты).
Бул каражаттар климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айылдык инфраструктураны жакшыртууга; экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга/кеңейтүүгө; 7 облустун аялдары, жаштары жана калктын аялуу топтору үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.
КР Экономика жана коммерция министрлиги долбоорду жалпы координациялоону башка министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз байланышта жүргүзөт. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) каржылаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул долбоорун ишке ашыруу АРИСке жүктөлгөн.
КДУД Кыргызстандын 40 районун камтыйт, алардын ар биринде бирден айыл аймагы тандалып алынат. 40 айылдык аймактын бекитилген 40 айыл өкмөтүнүн ар бири үчүн бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, жылуулук жана электр менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу сыяктуу социалдык объекттерди ишке ашыруу үчүн 450 миң АКШ долларын бөлүү пландаштырылууда. Тандоо критерийлери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жакырчылыктын деңгээли (район боюнча максималдуу көрсөткүч);
- калктын саны (эң көп саны);
- администрациялык райондук борбордон алыстыгы;
- республикалык бюджеттен алынган теңөөчү трансферттердин минималдуу көлөмү.
АРИСтин тармагы боюнча социалдык мобилизацияны активдүү жүргүзүү долбоорду ишке ашырууга аялуу топторду, өзгөчө аялдар менен жаштарды кеңири тартууга өбөлгө түзөт. Ал эми гранттарды берүү максаттуу коомчулуктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) үчүн актуалдуу инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо болуп калат.
Социалдык мобилизацияны жүргүзүү жана СЭӨП иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде 15-20 АА экономикалык чакан долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 200 миңден 300 миңге чейин АКШ долларын алуу үчүн тандалып алынат.
Бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу маселелери биргелешип чечилет; жеке бала бакчаларды түзүү аркылуу калктын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жакшырат; максаттуу коомчулуктарда аялдардын ишкердүүлүгүнө жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөт ж.б.