Климаттык технологиялар жана кайра жаралуучу энергия: Жапониянын тажрыйбасын изилдөө
Климаттык технологияларды түшүнүү кесиптик ишмердүүлүктө олуттуу артыкчылыктарды берет, анткени климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча билим жана көндүмдөр экологиялык стратегияларды ишке ашырууда салмактуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет жана "жашыл" гранттарга жол ачат. Ушуга байланыштуу, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) линиясы боюнча окутуу программалары бул багыт боюнча билимин жогорулатууга ниеттенген адистер үчүн натыйжалуу (тандоо салттуу түрдө конкурстук негизде жүргүзүлөт).
Алсак, 18-октябрдан 12-ноябрга чейин Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) климаттын өзгөрүшү боюнча адиси А. Маткеримова Жапонияда "Жаңылануучу энергияны өнүктүрүү" программасы боюнча окуудан өтүп жатат. Окуу курсуна ошондой эле энергияны үнөмдөө, энергетикалык технологияларды тандоо жана баалоо, ошондой эле Жапониянын туруктуу энергетика тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүү кирет. Курстун катышуучулары суу түтүк системасынын негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча билим алышты, бир катар шаарлардын суу тазалоочу жайларына, дамбаларына жана ГЭСтерине барышты, Сикаой айылындагы Айлана-чөйрөнү коргоо борборунда жергиликтүү декарбонизациялоо көйгөйлөрүн чечүү боюнча практикалык тажрыйбалар менен таанышты ж.б.
Окутуунун алкагында, НПИСтин климаттын өзгөрүшү боюнча адис А. Маткеримова Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан CDD долбоорлорунун мисалында климаттык технологиялардын тажрыйбасы, механизмдери жана практикалык колдонулушу менен бөлүштү.
Окутуу аяктагандан кийин алынган билимдерди НПИСти ишке ашырууда: жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн тренингдердин окуу модулдарын өркүндөтүүдө; "Климаттын өзгөрүшү шартында айылдык коомчулуктардын социалдык-инфраструктуралык, агрардык жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө ресурстарды үнөмдөөчү жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар" каталогун иштеп чыгууда; ошондой эле Кыргызстанда колдонууга жарактуу алдыңкы "жашыл" технологиялардын реестрин даярдоодо колдонуу пландалууда.


