08 Июнь 2026

Аткаруучу директор ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана бөлүмдөрдүн командалары менен таанышуу жолугушууларын өткөрдү

2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору Калыбек Аманатович Жумадылов Ички аудит бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле НПИС, ПУСВС БТ жана ПУРСВС долбоорлорунун командалары менен бир катар таанышуу жолугушууларын өткөрдү.

Ички аудит бөлүмү менен болгон жолугушууда бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Аткаруучу директор коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана аларды азайтуу боюнча чараларды күчөтүүнүн, финансылык ресурстарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле подрядчы уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана белгиленген жол-жоболордун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

НПИС жана ПУСВС БТ долбоорлорунун координаторлору долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, ишмердүүлүктүн негизги багыттары, жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы иш пландары тууралуу маалымат беришти. Талкуунун жүрүшүндө инфраструктуралык объекттерди жана курулуш иштерин ишке ашыруу, сатып алуу жол-жоболорун уюштуруу, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында техникалык жана финансылык көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери каралды.

Аткаруучу директор долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрүн так сактоонун, кредиттик жана гранттык макулдашуулардын каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышына жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө жол бербөө, подрядчылардын жана жеткирүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө мониторингди күчөтүү, ошондой эле бардык катышуучулардын өз ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилигин камсыз кылуу маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Долбоорлордун кызматкерлерине кайрылып, Аткаруучу директор командалардын кесипкөйлүгүнө жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу жөндөмүнө ишенимин билдирди.

«Ар бир долбоорду ишке ашыруу сапаттын, натыйжалуулуктун, ачыктыктын жана жоопкерчиликтин принциптерине так ылайык жүргүзүлүшү керек. Биздин жалпы милдетибиз — калктын жашоо сапатын жогорулатууга, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана АРИСтин ишмердүүлүгүнө болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган туруктуу жыйынтыктарды камсыз кылуу. Биргелешкен аракеттер менен алдыбызга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырып, белгиленген максаттарга жетебиз деп ишенем», — деп белгиледи Калыбек Жумадылов.

Ошондой эле ПУРСВС долбоорунун командасы менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө Аткаруучу директор долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. Калыбек Аманатович жамаатка аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун пландаштырылган көрсөткүчтөрүнө жетүүдөгү команданын олуттуу салымын белгиледи. ПУРСВС долбоору өз ишмердүүлүгүн 2026-жылдын 30-июнунда аяктай турганы маалымдалды.

Жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып, Аткаруучу директор АРИСтин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери болуп ачыктык, натыйжалуулук, жоопкерчилик жана долбоорлорду ишке ашыруунун жогорку сапаты кала берерин белгиледи. Ал коюлган максаттарга жетүү жана туруктуу өнүгүү натыйжаларын камсыз кылуу үчүн бардык бөлүмдөр жана долбоордук командалар менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.