10 Июнь 2026

Аткаруучу директор К. Жумадылов долбоорлордун жана бөлүмдөрдүн командалары менен жолугушуулар сериясын улантты

2026-жылдын 9–10-июнунда АРИСтин Аткаруучу директору К.А. Жумадылов «Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору», «Баткен облусунда аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору», «Катуу калдыктардын экологиясын жакшыртуу боюнча даярдык (SWEEP)»  долбоорунун командалары, ошондой эле АРИСтин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери менен таанышуу жолугушууларын улантты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө координаторлор жана адистер долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын, негизги жетишкендиктерин жана мындан аркы иш-пландарын сунушташты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү, инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, аймактардын туристтик потенциалын өнүктүрүү.

ПРЭР долбоорун талкуулоонун алкагында туристтик объектилердеги иштерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде «Сулайман-Тоо» комплексин жана Өзгөн мунарасын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин сапаты, подряддык уюмдар менен кызматташуу жана бул демилгелерди ишке ашыруудан күтүлүп жаткан социалдык-экономикалык натыйжалар талкууланды.

Каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу, иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана долбоорлордун жергиликтүү жамааттар үчүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

К.А. Жумадылов кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, АРИСтин аброюн мындан ары чыңдоонун, долбоорлорду ишке ашыруунун сапатын жогорулатуунун, ошондой эле ачыктык жана отчеттуулук принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аткаруучу директор долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, аткарылып жаткан иштердин сапатын баалоо жана пландаштырылган натыйжаларга жетишүүнү көзөмөлдөө максатында өлкөнүн бардык аймактарындагы объектилерге үзгүлтүксүз иш сапарларды жүргүзүүнү пландап жатканын билдирди.

«Биздин ишибиздин негизинде натыйжалуулук, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана ачыктык принциптерин так сактоо турушу зарыл», — деп белгиледи Аткаруучу директор.

Сатып алуулар бөлүмү менен болгон жолугушууда келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, жеткирилүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу, ошондой эле тендерлерди өткөрүүдө коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери каралды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Аткаруучу директор ишке ашырылып жаткан долбоорлордун Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисин белгилеп, АРИСтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, сапатын жана жыйынтуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Телефон доверия по вопросам противодействия коррупции: +996 500 222 600