Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси “Аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы социалдык жана туристтик объектилерге мониторинг жүргүздү
Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделл Дүйнөлүк банктын табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча улук адиси Толкун Жукушева, АРИСтин Аткаруучу директору жана долбоордун координатору менен бирге “Аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча учурдагы иштер менен таанышты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.
Мониторингдин жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин өкүлдөрү подрядчылар менен жолугушууларды өткөрүп, инфраструктураны жана туризмди жакшыртууга багытталган төмөнкү социалдык объектилерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты:
1. Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;
2. Т.Сатылганов атындагы жайкы театрдын учурдагы имаратын оңдоо.
Бул чакан долбоорлор боюнча иштер тургундар жана туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында инфраструктураны жана коомдук жайларды жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан аймагынын бүткөрүлгөн чакан долбоору менен таанышып, «Сулайман-Тоо» комплексин реконструкциялоонун келечеги жана пландары талкууланды.
Хью Ридделл аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана маданий мурастарды колдоого багытталган аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, бул долбоорлор экономиканы чыңдоого жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берерин баса белгиледи.