Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ош облусундагы медициналык мекемелерге мониторинг жүргүздү
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделл Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору М.Наспеков, Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин өкүлдөрү менен биргеликте "Жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган ФАП пункту менен таанышуу үчүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Озгур айылына иш сапары менен келди.
Жалпы инвестициянын көлөмү 3 861 630 сомду түздү. Бул ФАП алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө жана ар кандай оорулардын алдын алууда, кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүүдө негизги ролду ойнойт.
Озгур айылындагы ФАП айыл жергесиндеги медициналык инфраструктурага жумшалган инвестиция жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү деңгээлде жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдарды кыскартууга кандайча жардам береринин эң сонун мисалы болуп саналат.
Мындан тышкары, Ридделл мырза Кара-Суу районунун Мады айылындагы "Курманжан Датка" Жалпы дарыгердик практика борборуна (ЦОВП) барды, ал жерден "Жергиликтүү коомчулукту колдоо" долбоорунун кошумча каржылоосунун алкагында 5 270 000 сомго заманбап рентгенография системасы сатылып алынган. Санариптик кыймыл- рентгенографиянын алдыңкы технологиясы менен жабдылган бул система ооруларды аныктоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн бир топ жакшыртат.
Белгилей кетсек, заманбап рентгенография системасы чечинбей эле сүрөткө тартууга мүмкүндүк берет, бул медициналык кароодон өтүүнүн ыңгайлуулугун бир топ жогорулатат. Бул технология бейтаптын купуялыгын сактоо менен бирге сүрөттүн жогорку сапатын жана коопсуздугун камсыз кылат.
"Жергиликтүү жамааттарды колдоо" долбоору жана "Жергиликтүү жамааттарды колдоо" долбоорунун кошумча каржылоосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылат.