16 Сентябрь 2024

ФАО жана АРИС мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты

2024-жылдын 16-сентябры — Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору М.Наспеков менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү О. Гучгелдиевдин жолугушуусу болуп өттү. Талкууга ошондой эле ФАОнун улуттук координатору Г.Урманбетова, АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары А.Мамбеткулова, АРИСтин каржы менеджери Б.Сталбек уулу жана башка негизги өкүлдөр катышты.

Жолугушуунун негизги максаты ФАО менен АРИСтин мындан аркы кызматташуусун карап чыгуу жана пландаштыруу болду. Өзгөчө көңүл “Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)” долбоорун ишке ашырууга бурулду. Долбоор ошондой эле кырсык коркунучун азайтуу жана экосистеманын туруктуулугун сактоого багытталган элементтерди камтыйт.

Тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги пункттарын талкуулап, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө экологиялык туруктуу чечимдерди интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары коомчулуктун туруктуулугун жана айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртууга жардам бере турган башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 “Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.