Эл аралык таза колдор күнү Нарын облусунда белгиленди
2008-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте 15 октябрь Эл аралык таза колдор күнү деп жарыялаган. Бул күнгө арналган иш-чаралар биринчи жолу 2008-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган “Тазалык жылынын” алкагында өткөрүлгөн жана жыл сайын түрдүү масштабда өткөрүлүп келет.
14-15-октябрь Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунун 11 айылында, тагыраагы пилоттук бала бакчаларда жана мектептерде Эл аралык таза колдор күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын алкагында уюшулду.
Өткөрүлгөн саамалыктардын башкы максаты – мектеп курагына чейинки жана мектеп курагындагы балдарга колдорду жуу жугуштуу ооруларды алдын алуунун эн жөнөкөй жана эффективдүү жолу экендигин көрсөтүү жана бул кыймыл-аракетти адатка айлантуу ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзөөрүн баса белгилөө.
Майрамга улай аталган билим берүү мекемелеринде тематикалык сабактар, концерттик программалар, интерактивдүү оюндар даярдалып, ага кичинекей кыргызстандыктар активдүү катышты. Иш-чаралар төмөндөгү билим берүү мекмелеринде болуп өттү:
- “Асел”, “Барчын Уя”, “Жаш Тилек”, “Лама”, “Наристе-И”, “Тынчтык”, “Чолпон”, “Алтын Муун Наристе”, Эрке Жунушалиева атындагы бала бакчалар;
- Кекилик уулу Жолдошбек, К.Кыдыралиев, М.Алыбаев, Н.Жундубаева, С.Исмаилова, Т.Турсунбаева, Ш.Абдылдаев, Ш.Бейшеналиев, Б.Кожоналиев атындагы орто жана инновациялык мектептер.