Эгемендүүлүк күнү кут болсун!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Бул Күн өлкөбүздүн ар бир жараны үчүн эң ыйык күн.
Ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка жана эркиндикке жетүү үчүн тарыхтын түрдүү чакырыктарына туруштук берип, эрктүү, жаратман, айкөл сапаттары менен узак жол, бийик ашууларды басып келди. Элибиз мамлекеттүүлүккө ээ болуу аркылуу, байыртадан нарк насилди, каада-салтты сыйлаган көрөңгөлүү журт экендигин далилдей алды.
Ошол эгемендүүлүк мезгилинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу дагы мамлекеттик органдар жана мекемелер менен биргеликте көптөгөн жарандарыбыздын турмуш-тиричилигин жакшыртууга өз деңгээлинде салымын кошо алды.
Бардыгыбыздын бирдиктүү жана туруктуу, талыкпас эмгегибиздин натыйжасында АРИС тарабынан көптөгөн социалдык, инфраструктуралык жана өлкөбүздө коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору татыктуу аткарылып келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилейм!
Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын мындан ары дагы чыңдоо, аны бекемдөө, өлкөбүздүн социалдык экономикалык долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу жана жергиликтүү коомчулуктун потенциалын жогорулатуу үчүн талыкпай эмгек кыла берүүбүз максатка ылайыктуу деп эсептейм.
Сиздердин ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, бекем ден-соолук, бакубаттуулук, токчулук каалайм! Мекенибиз гүлдөп өнүккөн, келечеги кең, ынтымак-ырашкерлик орногон кубаттуу өлкө болуусуна тилектешмин!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана
инвестициялоо агентствосунун
Аткаруучу директору Б.Т. Супаналиев.