09 Июль 2024

Кара-Кулжа районунда социалдык инфраструктураны жакшыртуу колго алынды

Долбоордун алкагында Кара-Кочкор айылдык аймагынын Ак-Кыя айылында “Балазат” бала бакчасы толугу менен капиталдык ремонттон ѳткѳрүлдү. Бала бакчанын имараты 1992-жылы ашар жолу менен курулуп, чатыры иштен чыгып, эшик терезеси эскирип, жылытуу системасы толугу менен жарактан чыккан. Бул кѳйгѳйлѳр балдардын ыңгайлуу шартта билим алуусуна тоскоолдуктарды жаратып келген. Учурда 86 бала тарбияланып, 16 кызматкер эмгектенген билим уясынын кѳйгѳйүн айыл эли ѳзү кѳтѳрүп,   5 604 миң сомдук инвестиция тартуу менен, эшик терезеси, чатыры, жылытуу системасы, от казаны, вентиляциялык системасы жана ички, тышкы жасалгасы толугу менен алмаштырылып, короосуна балдар ойной турчу оюн аянтчасы дагы курулду.

Ал эми, аталган райондун  Ылай-Талаа айылындагы “Ак-Терек ФАПтын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү» чакан долбоорун ишке ашыруу айылдагы приоритеттүү багыт болгон. 1970-жылы курулган имаратта иш алып барууга мүмкүн болбой калган. Эскилиги жеткен имаратта калк саламаттыгына кызмат кѳрсѳтүү абдан  чоң ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоордун алкагында 4 051,0 миң сомго имарат капиталдык ремонттон ѳтүп, климатка адаптациялануу технологиялары менен толукталып, кызмат кѳрсѳтүү кыйла жакшырганын айыл эли белгилешти.

Биринчи май айылындагы «Сейил» бала бакчасынын чатырын алмаштыруу зарылчылыгы турганын коомчулук дээрлик баары билет эле, себеби жаан жааган убактарда бѳлмѳлѳргѳ тамчы түшүп, ал күнү балдар бала бакчага келүүгѳ мүмкүн болбой калган учурлар болгон. Бул маселени чечүү максатында айыл коомчулугунун инвестициялык ассоциациясы долбоордук сунуш даярдап, жалпы суммасы         3 330,0 миң сомдук инвестицияга, чатыры толугу менен алмаштырылган. Бала бакчадагы жалпы  150 жаш жеткинчек  татыктуу билим-тарбия берүүгѳ талаптагыдай шарттар түзүлүп, жергиликтүү бюджеттен жылытууга кеткен каражаттары кыйла үнѳмдѳлгѳнүн мекеме кызматкерлери ѳз сѳздѳрүндѳ айтып ѳтүштү.

Райондогу социалдык-инфраструктуралык жакшыртуулары менен  жеринен таанышып,  инвестициялардын пайдасын чогуу кѳрүү максатында айыл эли, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары жана долбоорду ишке ашырган тараптар ачылыш аземин салтанаттуу уюштурушту.