12 Июль 2024

ДФ ППМС: Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында кийиз буюмдарды жана кийимдерди чыгарган тигүү цехи ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында кийизди кол менен иштетүү жана тигүү буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишкананын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземине Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча адиси Дамира Темирбаева, Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Балтабаев, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков, Долбоордун координатору Майрамбек Баялиев, ошондой эле Дүйнөлүк Банктын, АРИСтин  ѳкүлдѳрү жана жергиликтүү коомчулук катышты.

Чакан долбоордо 4 435 212 сомго жаңы имарат куруу, ошондой эле  2 977 288 сомго керектүү ѳндүрүштүк жабдууларды сатып алуу каралган. Бул объекттин максаты - жергиликтүү чийки заттан продукция өндүрүү жана сатууну уюштуруу аркылуу аялдар жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

Өндүрүштүк планда кийимдерди гана тигүү каралбастан, жүндөн жасалган килемдерди жана сувенирлерди чыгаруу да каралган. Бизнестин башкы миссиясы сапаттуу кыргыздын элдик кол өнөрчүлүгүнүн ѳнүмдѳрүн эле чыгарып сатууга багытталбастан, кыргыз кол ѳнѳрчүлүк маданиятын жаштар арасында жайылтууга да багытталган.

Долбоорду ишке ашырган Данагүл Кошокова ѳз сѳзүндѳ буларды белгиледи: “Бул чакан долбоор тандалып алынган айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жалпы 15 адамга жаңы иш орундарды түзѳ алды. Жаңы өндүрүш аялдардын жана жаштардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.”

“Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашкан чакан долбоор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу жана Дүйнөлүк Банктын каржылоосунун алкагында ишке ашырылды.