20 Сентябрь 2024

ДФ ППМС долбоорунун алкагында 40 орундуу тигүү цехи ишке кирди

Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов айылында 40 орундуу жаңы ишкана ишке берилди. Гранттын суммасы: 5.4 млн сомду түзүп, имараты курулуп, жабдуулар алынып берилген. Ал эми, айыл өкмөтү тарабынан 3.1 млн сом каражаты кошумча берилип, имарат толук инжинердик түйүндөр кирип, тышкы жасалгасы бүткөрүлгөн. Жергиликтүү экономикага өз салымын кошуп, аялдарга иш орундары түзүлдү. Жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүнө салым кошкон бул ишканадан чыккан продукциялар тышкы жана ички рынокко сатылат.

Белгилей кетсек, тигүү цехинин ачылыш аземи 2024-жылдын 30-августунда өткөн. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 социалдык-экономикалык инфраструктура объектисинин ачылышынын алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган.

Долбоор КР Министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору үчүн Кошумча каржылоонун алкагында ишке ашырылды.