Чакан гранттар программасын ийгиликтүү ишке ашыруу
Региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору (ПРЭР) Ош облусундагы чакан гранттар аркылуу туризмди колдоо жана айылдык ишкерликти өнүктүрүү боюнча компонентти ийгиликтүү ишке ашырууда. ПРЭР долбоорунун алкагында Ош облусундагы чакан жана орто бизнес субъекттерине ишкерликти өнүктүрүүгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган колдоо ийгиликтүү көрсөтүлүүдө.
Чоң-Алайдын тургундары Бегматаева Гүлбурак менен Мурзаканов Пайзилда грантка ээ болуп, үй-бүлөлүк бизнесин өнүктүрүү максатында боз үй, контейнер сатып алышты. Туристтик жайлардын ачылышына АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, долбоордун координатору А.Кадыров жана башкалар катышты.
Ош облусунан 181 ишкерге бизнес-пландарды иштеп чыгууга жана долбоорлорду ишке ашырууга комплекстүү жардам көрсөтүлдү. Алынган гранттардын аркасында жергиликтүү ишкерлер инновацияларды активдүү киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүп, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүдө.
Долбоор жарандардын эмгек миграциясынан кайтып келишине жана алардын жергиликтүү экономикага ийгиликтүү интеграцияланышына шарт түзүүгө өбөлгө түзөт. Алсак, Ош облусундагы кыргызстандыктар өз бизнесин ачып, өздөрүн жана үй-бүлөсүн багышат.
Долбоор жумушсуздук жана социалдык кепилдиктердин жетишсиздиги сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Колдоо аркылуу ишкерлер туризмди, тигүү тармагын, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоосун жана өлкөнүн экономикасын жакшыртууга шарт түзүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ПРЭР долбоору, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылат.